Бишкекте имараттардан бомба табылган жок. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына алгач Жогорку соттун, андан кийин Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратында, андан соң «Азия Молл», «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплекстери бомба бар деген билдирүү түшкөн.
Жогорудагы фактылардын негизинде аталган имараттарда жарандар эвакуацияланып,ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.
«Натыйжада саат 14:40 карата бул имараттарда эч кандай шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бардык келип түшкөн билдирүүлөр маалыматтар журналына катталып, УКМКнын кароосуна жана окуя боюнча чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет.