Учурда “Билим Бишкек” инновациялык борбордун курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызпатент билдирди.
Экинчи инновациялык борборду ачуу боюнча төрт тараптуу келишимге 2024-жылдын март айында кол коюлган.
Долбоор Кыргыз улуттук университети жана Түркия өлкөсү менен биргеликте ишке ашырылууда. «Билим Бишкек» борборунун негизги максаты — таланттуу жаштарга технологияларды иштеп чыгуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процесстерине катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Борбордун ачылышы октябрь айынын аягына болжонуп жатат.