• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Илимдин болочоктогу мыктыларын тосуп алышты

11 Аяк оона 202415:46 Бишкек Govori.TV


Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев информатика боюнча эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен кыргызстандык окуучуларды “Манас” аба майданынан салтанаттуу тосуп алууга катышты.

“Биз силер менен сыймыктанабыз. Силердин жеңишиңер – мектеп олимпиадалык кыймылынын ишинин жыйынтыгы”, — деди министрдин орун басары.

Кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.

“Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев Ардак грамота алды.

Жалпысынан кыргызстандык окуучулар 2000-жылдан бери информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда 3 күмүш жана 17 коло медаль алган.

Количество просмотров: 101