Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.
Фейсбук социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына, аны жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматынын инспектору унаасын жолдун жээгине токтотуп жатканда сүзүп кеткенин жазган.
«Инспектор унаасынын арты менен сүздү, албетте ылдамдыгы аябай жай жана эч кандай жаракат алган жокмун. Бирок ЖКККнын кызматкери тарабынан болуп жатканына көңүл бургум келди»,-деген жаран баракчасына видео менен бөлүшкөн.