• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте интернетсиз иштей турган электрондук китепкана ачылды

3 Тогуздун айы 2019 18:38 Бишкек Govori.TV

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети Финляндиядагы Чыгыш университети менен биргеликте FishEDU аталышындагы жаңы долбоорду ишке киргизип, анын алкагында электрондук китепкана ачышты.

Координатор Тимур Эшимбековдун айтуусу боюнча, электрондук китепканага Балык чарбачылыгы тууралуу маалыматтар жүктөлгөн.

Бүгүнкү күндө бул электрондук ктепканада 61 маалымат бар. Алдыда аны 100 миңге чейин толуктоо каралып жатат. Бул жака эч кандай интернет желенин кереги жок. Студенттер, мугалимдер, чарбадан келген адамдар тийиштүү чарба тууралуу маалыматтарды оңой эле издеп таба алышат, -деди Т.Эшимбеков.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө окуу жайда электрондук китепканадагы маалыматтарды издөө боюнча 16 адис окутулган.

Количество просмотров: 103