• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте Интернетти чектөөгө каршы жүрүш (видео)

29 Кулжа 2020 17:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаарында 500дөй адам «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына каршылыгын билдирип, жүрүшкө чыгып, президенттен аталган мыйзамды колдобоого чакырышууда. Алгач акциянын катышуучулары темир жол станциясынын алдындагы паркта чогулушту.

Андан соң «Биз фейк эмеспиз!», «Эркиндик» деген ураандарды кыйкырып, Эркиндик бульвары менен басып Ак үйдүн алдына келишти. Акциянын катышуучулары негизги талаптарын ушул жерде туруп айтышты.

Элди чуу түшүргөн мыйзам долбоорун депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова жазган. Ал тогуз беренеден туруп, интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган.
Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.
Бул демилге парламенттен колдоо таап 79 депутаттын макул жана 10 каршы добуш берүүсү менен кабыл алынган. Акыркы кадам Сооронбай Жээнбековдо эгер президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Количество просмотров: 142