• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте ири жол кырсыгында жабыркагандардын саны 11 адамга жетти

16 Бугу 202219:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ири кырсыгында жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-майда саат 16:20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагылышкан, “DАF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, “Honda Fit” жана “Mercedes-Benz Sprinter” жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Учурда кырсыктан жабыркагандардын саны11ге жетти.

Окуя катталган жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган аялды чыгарышкан жана жабыркаган жарандарга биринчи тез жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 841