• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте ишин жыйынтыктаган польшалык дарыгерлер Ошко барышты

24 Чын куран 202018:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ишин жыйынтыктаган польшалык дарыгерлер тобу Ошко учуп барды. Бул тууралуу коронавируска каргы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Эл аралык “Ош” аэропортунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросунун кеңсесинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү алкагында өлкөгө Польшадан келген медициналык адистерди тосуп алышты.

Штабдан кабарлашкандай, түштүк аймакта – Ош жана Жалал-Абад облустарында дарыгерлер ата мекендик медицина кызматкерлерине коронавируска каршы күрөштө жардам көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, 19-апрелде Кыргыз Республикасына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан курамында 8 адистен турган медициналык топ келген.

Количество просмотров: 212