• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте үйүнөн күчтөп чыгарылгандардын маселеси боюнча депутаттар үн катты

6 Жалган куран 2024 14:04 Бишкек Govori.TV

1-мартта Бишкектеги Абды Сүйөркулов көчөсүнүн 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулуп, ал эми тургундары көчүрүлгөн.

Аталган имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан. Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын айтып, нааразы болушууда.

Бул боюнча маселе бүгүн парламентте көтөрүлдү. Депутаттар сот толук чечим чыгарганга чейин жарандарды кыштын күнү мажурлап сыртка чыгарылышын сынга алышууда.

Количество просмотров: 349