Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Селекционное айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын пресс-борбору маалымдайт.
Бул тууралуу маалымат түшөрү менен өрттү өчүрүүгө саат 17:47де Ленин райондук №6 ӨКБдан бир күжүрмөн эсеп тартылып, саат 18:50дө толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн 25 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жок.