Бишкек шаарынын райондорунда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчалар ачылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Бул программа КР Министрлер Кабинети тарабынан мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртууга багытталган. Программа мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды азайтууга жана балдарды мектепке чейинки кабыл алууну көбөйтүүгө арналган.
Биринчи май районунда эки бала бакча ачылды. Ага акимдин орун басары Айнура Арстамбекова катышты.
2024-жылдын сентябрь айында Октябрь районунда үч жаңы бала бакча ачылган:
* 4-кичи району, №46 дарегинде «Нур» бала бакчасы;
* Мехлесхоз көчөсү, 1-8 дарегинде «Бала Ленд» бала бакчасы;
* Көк-Жар конушу, Керемет көчөсү, 85 дарегинде «Wonderland» бала бакчасы.
Аталган бала бакчалардын салтанаттуу ачылышы райондук администрациянын, МАБдын кызматкерлеринин, ошондой эле ата-энелердин катышуусу менен өткөрүлдү.
Свердлов районунда Аул көчөсү, 4 дарегинде «Сүйкүм» атындагы үй тибиндеги жаңы бала бакча ачылды.
Бала бакчаларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, алардын ачылышы айымдарды жаңы жумуш орундары менен камсыз кылууда.