• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте эки аскер мушташып, биринин жаагы сынды

24 Аяк оона 201810:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
КРдин Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери мушташып, биринин жаагы сынды. Окуя 22-сентябрь күнү болгонун Абадан коргонуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, №97632 аскер бөлүктүн кызматкерлери — сержант Б.М. менен катардагы жоокер К. уулу К. кайым айтыша кеткен. Анын кесепетинен К. уулу К.нын астыңкы жаагы сынган.

«Жабырлануучуга дароо медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда ал аскердик ооруканада дарыланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталып, кызмат адамдары тергөө учурунда ээлеген кызматтарынан бошотулду. Топтолгон материалдар Бишкек гарнизонундагы Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 59