Бишкек шаардык мэрия №199 кичи автобус менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр тууралуу маалымат таратып, аларга чара көрүлгөнүн кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек троллейбус башкармалыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда ички комиссия өткөрүлгөн.
«Комиссиянын чечимине ылайык, кыймылдуу курамдын эксплуатация башчысына жана борт номери 1704 троллейбусунун айдоочусу Максат Канатбек уулуна сыйлыктан ажыратылбастан сөгүш жарыяланды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жана айдоочунун насаатчысы эскертүү алды. «БайШамТранс» ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниянын инженери жана №199 маршруттук каттамдын айдоочусу У.Медетбеков сөгүш алды»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин №199 кичи автобус менен №2 троллейбустун айдоочулары мушташып жаткан учурдагы видео социалдык тармакта тараган.