• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Бишкекте көчөгө ымыркайын таштап кеткен келин изделүүдө

1 Чын куран 202110:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине ымыркайын таштап кеткен келин изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон абалда бала табылып, балдар үйүнө жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене («коркунучта калтыруу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Андан бери дээрлик 10 күндөн ашуун убакыт өтсө дагы наристенин апасы табыла элек. Апасын издөө иштери бүгүнкү күндө деле улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1071