• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте көчөлөргө 323 тонна туз себилди 

9 Бештин айы 202410:07 Бишкек Govori.TV

Маалыматка ылайык, 7-8-декабрь күндөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүздү. Тазалоо иштерине төмөнкү техникалар тартылды:

  • жолдорго туз себүү үчүн атайын туз чачкан 22 даана техникасы;
  • 2 даана жүктөгүч;
  • тротуарларды кардан тазалоо үчүн 23 даана трактор (Беларусь);
  • 4 даана Бобкат;
  • 1 даана кар тазалоочу техника;
  • 3 даана карды сүргөн ХОВО;
  • 2 даана кар ташыган МАЗ;
  • 10 даана ЗИЛ, ГАЗ-53.

Мындан тышкары, аялдамаларга 90го жакын туз салган челектер коюлду. Болжол менен 140-150 көчөгө туз чачылып, жалпысынан 323 тонна туз колдонулду.

Количество просмотров: 101