Борбор калаадагы көчөлөрдүн бириндеги жолдун ортосунда туруп алып төрт киши мушташкан. Бул тууралуу социалдык тармакка видео тарады.
Маалыматтарга ылайык, уруш Киев көчөсү менен Жаш Гвардия проспектисинин кесилишинде болгон.
Видеодон чатакташкан кишилер жолдун ортосунда жүргөндүктөн башка автоунаалар ары-бери өтө албай туруп калгандыгын көрүүгө болот.
Ал эми Бишкек шаардык милициясынан окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдиришти.