• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте күндүзгү стационарлар жабылды

28 Баш оона 20209:14 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада коронавируск каршы ачылган күндүзгү стационарлардын акыркысы жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия муну калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташып калганы менен түшүндүрүп, ошол эле учурда коронавирус коркунучу кете элек экенин эскертти.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте июлда ачылып, күнү-түнү иштеген стационарларда медиктер 106 222 адамга жардам көрсөткөн.

Количество просмотров: 81