Таластагы «Манас Ордо» улуттук тарыхый-архитектуралык комплекси 1-августтан тарта зыяратчылар үчүн жабылды. Бул маалыматты Маданият министрлиги 24.kg сайтына тастыктады.
Алардын маалыматы боюнча, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарылчылыгына жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, музей фонддорун сактоо максатында күмбөзгө баруу токтотулду.
Эскерте кетсек, Талас облусундагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплекси акыркы 30 жылда биринчи жолу масштабдуу реконструкциядан өтүп жатат. Иштин максаты — жөн гана имараттарды жаңылоо эмес, «Манас Ордону» Борбор Азиянын уникалдуу маданий жана технологиялык борборуна айландыруу.
Комплексти реконструкциялоо 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, заманбап конгресс-холл, жалпы аянты миң чарчы метрди түзгөн беш конок үйү жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Реконструкциянын алкагында комплекстин аймагын кеңейтүү да пландаштырылган.