Бишкекте көп кабаттуу үйдүн балконунан аял кулап каза болгон.
Милициянын маалыматына ылайык, бүгүн, 24-октябрда, 102 кызматына Фрунзе көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын батиринин балконунан адам кулап түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Чет элдик жарандар 1988-жылы туулган В. Ю., 1987-жылы туулган В. Т. менен 1988-жылы туулган Т. А. аттуу жаран көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде болгону аныкталган.
Милициянын маалыматы боюнча, үчөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, 37 жаштагы аял балкондон кулап түшкөн. Ал каза болгон.
Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.
В. Ю. жана В. Т. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Кылмыш ишин тергөө уланууда жана райондук администрациянын көзөмөлүндө.