Балбан Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү көп кабаттуу үйлөрдүн дубалына тартылып жатат. Анын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда, көп кабаттуу үй Жусуп Абдрахманов — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында аялдар күрөшү боюнча күмүш медаль алган. Тыныбекова учурда 28 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку чемпиону.