Бишкек шаарында 5 жаштагы бала көп кабаттуу үйдөн кулап түшүп,чарчап калды. Маалыматты Октябрь райондук милициясынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июнда болгон. Милицияга Саякбай Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн баланын кулап кеткени туурасында маалымат түшкөн.
«Ооруканага барган тергөө тобу окуянын чоо-жайын такташкан. Анда И.Ш. аттуу 5 жашар бала Каралаев көчөсүндөгу көп кабаттуу үйлөрдүн 11-кабатынан кулап түшкөнү белгилүү болгон. Бүгүн, 29-июнь күнү болжол менен саат 10:45 чамасында бала эсине келбей, жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп билдиришти аталган райондук милициядан.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар башталган.