Бишкекте Токомбаев көчөсүндөгү көп кабат үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуцияланды.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт экинчи кабаттагы батирден чыгып, төртүнчү кабатка чейин жеткен.
Кырсык болгон жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатат.
Тилсиз жоо 18:40тар чамасында чектөөгө алынып, 19:01де толук өчүрүлгөн.
КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 50 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Көп кабаттуу үйдөн болжол менен 10 адам эвакуацияланган.