• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду

29 Жетинин айы 202410:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү ГИССИП институтунун адистери менен биргеликте Элебаев көчөсү, 46 дарегиндеги унаа токтоочу жайлары бар 7 кабаттуу турак үйдүн курулуш иштерин карап чыкты.

Текшерүүдө жертөлөнүн монолиттүү темир-бетон каркасында жана 1-кабатында курулуш нормаларынын бузулушу, 3,4-кабаттардын дубалдарын кыш менен көтөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.

Комиссиянын негизинде текшерүү актысы түзүлүп, аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берилген.

Натыйжада аталган турак үйдүн курулушу Жер титирөө институтунун коротундусу чыкканга чейин токтотулду.

Количество просмотров: 461