• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташкентте көп кабаттуу үйдөгү лифт үзүлүп, 11 киши жаракат алды

19 Кулжа 2023 17:28 Бишкек Govori.TV

Ташкенттеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жүк ташуучу лифт үзүлүп кетип, 11 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык 18-июнда түштөн кийин Янгихаят районундагы көп кабаттуу үйдө болгон.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, адамдар түшүп бараткан лифт техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам ылдамдыгын кескин тездетип, биринчи кабатка жеткенде автоматтык түрдө авариялык токтотуу системасы иштеп кеткен. Өз кезегинде бул адамдарды оор жаракаттардан сактап калган.

Кырсыктан улам 11 киши жараат алып, баары тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Медициналык текшерүүдөн кийин алардын сегизи үйлөрүнө кое берилип, калганы дарыгерлердин көзөмөлүндө калган.

Учурда укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү кырсыктын себептерин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 91