• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте 23 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирип кеткен

9 Аяк оона 202416:37 Бишкек Govori.TV

Көк-Жар кичи районунда кыз көп кабаттуу үйдөн секирип кеткен. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда милицияга чакыруу түшкөнүн билдирди.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, жеринде 23 жаштагы кыз 9-кабаттан секирип кеткени аныкталган. Ал ошол жерде каза болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Количество просмотров: 195