Бишкекте көпүрөнүн астынан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-июнда болжол менен саат 16:40та «102» кызматына Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде Ала-Арча суусундагы көпүрөнүн астында ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
“Окуя болгон жерге борбордук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, түйүлдүк болжол менен 5 айлык, мүмкүн өлүк төрөлгөн”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.