• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ажатканадан ымыркайдын денеси табылып, шектүү кармалды

20 Бирдин айы 202515:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин РИИБдин басма сөз кызматынын тараткан маалыматы боюнча, ажаткандан ымыркайдын сөөгү табылган.

Милицияга бүгүн, 20-февралда саат 09:57де Киев көчөсүндөгү имараттын дааратканасынан 5-6 айлык болуп төрөлгөн баланын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Анын алкагында Кара-Балта шаарынан 2000-жылы туулган К.С. шектелип кармалды. Тиешелүү иштер улантылып жатат.

Количество просмотров: 421