• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт

17 Кулжа 20229:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,17 (U17) жана 23 (U23) жаштагылар ортосундагы турнир 19-июндан 26-июнга чейин өтүп, күрөштүн олимпиадалык түрлөрү: грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат.

Кошумчалай кетсек, Bishkek Arena муз аянтында өтө турган мелдештерди Дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайты аркылуу, андан тышкары УТРК түз алып көрсөтөт.

Количество просмотров: 205