• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кайгуулчулардын унаасы жөө жүргүнчүнү сүздү

22 Үчтүн айы 202115:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы Чыңгыз Айтматов проспектисинде улгайган аялды сүзүп кетти. Маалыматты шаардын Кайгуул милициясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-январда, саат 10:00дө катталган.

«Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде жолго чуркап чыга калган 62 жаштагы аялды айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу атайын унаа менен ооруканага жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Милициянын кызматтык унаасы айып короого киргизилген.

Количество просмотров: 185