Бишкекте пенсионер адамды унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ, 24-июлда саат 18:00дөр чамасында болгон.
«Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа “Форд Фокус” үлгүсүндөгү бузулган унааны алып бара жатып, Алма-Ата көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынын натыйжасында жөө жүргүнчү, 1951-жылы туулган Ж.М. аттуу жабырлануучу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Ал эми авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.