• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте кайрадан бала бакчалар жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөт

6 Чын куран 2021 22:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 12-апрелден баштап коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканга чейин балдар бакчасы кайрадан жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөт.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай чечим бүгүн шаардын эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

«Шайлоо тилкелери жайгашкан 14 бала бакча 2021-жылдын 8-апрелинен тарта жабылат», — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, учурда шаарда санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъекттер боюнча мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлгөн.

Количество просмотров: 1903