• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте кайсы стационарларда бош орундар бар? (Тизме)

21 Кулжа 2021 9:31 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарындагы COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн ооруканаларда 212 бош орун бар экенин маалымдады.

— Улуттук хирургиялык борбор — 2 орун;

— Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында — 1 орун;

— №2 клиникалык төрөт үйүндө — 6 орун;

— №1 шаардык клиникалык ооруканада — 14 орун;

— №6 шаардык клиникалык ооруканада — бош орундар жок;

— Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 16 орун;

— Чүй облустук бириккен ооруканасында — 17 орун;

— Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын тейлеген бөлүмүндө  — 15 орун;

— Улуттук онкология жана гематология борборунда — 2 орун;

— Улуттук госпиталдын урология бөлүмүндө — 26 орун;

— Республикалык наркологиялык борборунда — 21 орун;

— Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында — 92 орун;

— Улуттук фтизиатрия борборунда- бош орундар жок.

Коронавирус жана пневмониядан жабыркагандардын саны көбөйгөндүктөн Бишкекте кошумча күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылды.

Количество просмотров: 556