• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте камалып калган 2 жаштагы бала куткарылды

6 Чын куран 202114:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында камалып калган 2 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Алтын-Ордо калктуу конушунун 4-көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшиги бекилип калган. Үйдө 2 жаштагы бала жалгыз болгон. Куткаруучулар 4-апрель күнү саат 22:38дер чамасында үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен.

«Бала аман-эсен апасына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 216