Бишкекте жол кырсыгына кабылган КамАЗ оодарылып кетип аялды басып калды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан билдиришти.
«Жол кырсыгы саат 15:25 чамасында Алыкулов жана Долон көчөлөрүнүн кесилишинде болду. ЖКККББдан билдиришкендей, Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаа Долон көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, көчөлөр кесилишкен жерден жүк ташуучу унаа менен кагышкан. КамАЗ бир капталына оодарылып кетип, жол жээгинде турган 56 жаштагы аялды басып калды», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми кырсык болгон жерде тартылган видео «Короче» Telegram-каналына жүктөлдү.