• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте кампадан ири өрт чыкты (видео)

22 Кулжа 20229:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кампадан ири өрт чыгып, аны өчүрүүгө 7 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районуна караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 08:08 чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 261