Бишкекте оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген спортчулар катышат.
Кошумчалай кетсек, турнир быйыл 32-ирет уюштурулмакчы.