• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда 

20 Бирдин айы 202413:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, линияда 31 атайын техника, анын ичинде 16 «МАЗ» үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, 1 алдыңкы жүктөгүч, 8 «Беларусь» трактору щетка жана күрөктөрү менен , 4 универсалдуу «УКМ-2500» унаасы, ошондой эле 2 жаңы «Bobcat» кар тазалоочу атайын техника бар.

«42 тоннадан ашык техникалык туз сарпталды»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, карды тазалоого ишкананын 12 кызматкери тартылды. Тазалыкчылар тротуарларды, аялдамалардын кириш бөлүктөрүн тазалап жатышат.

Количество просмотров: 101