Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11-май күнү болжол менен 03:30 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Лесхозная көчөсүнөн жаран жардам сурап кайрылган.
«Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Анда 1986-жылы туулган Н.Р. атуу жаран арыз менен кайрылган. Болжол менен саат 03:40 чамасында арыз ээсин белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, “Редми-2” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана курулушка керектелүүчү инструменттерин, ошондой эле 1800 сом акчасын коркутуу жолу менен алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Э. жана 1988-жылы туулган У.Б. аттуу жарандарды кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.