Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Январь айында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ишкерге кол салуу болгон. 7-январда 52 жаштагы тургун «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнүн короосуна кирип жатканда белгисиз 3 адам кол салган. Алар таш менен унаанын арткы айнегин талкалап, салондогу акча салынган баштыкты алып кетишкен. Жабырлануучунун айтымында, кол салгандар 450 миң сомун тартып алышкан.
Аталган факт Жазык кодексинин 201-беренеси (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү Бишкектин аймагынан кармашты.
Шектүүлөрдүн бири — Талас облусунун 1983-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну буга чейин 10 жолу соттолгон. Маалыматтар боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.
Ал эми экинчи шектүү — Баткен облусунун 1998-жылы туулган С.А. аттуу тургуну төрт жолу соттолгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.