• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаранды спецназ кармады (видео)

3 Бештин айы 20209:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү «Жер ынтымагы» конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жабырлануучулар милицияга кайрылып, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталган.

Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүүнүн изине түшүп, атайын кызматтын аскерлери менен бирге 1988-жылы туулган С.Р. аттуу жаранды кармашты. Ал буга чейин бир нече жолу ушул сыяктуу кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.

32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Количество просмотров: 379