Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.
Бишкекте эки адамды катуу сабап кетишкен, бирөө каза болду. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күн мурун түнү жеке ооруканалардын бирине эки адамды алып келишкен.
Маалым болгондой, аларды катуу сабап кетишкен. Бирөө каза болду, экинчисинин абалы оор.
Алдын ала маалыматка караганда, экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары каттоодо турган.