• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кечээ катуу ысыктан улам 5 адам эс-учун жоготкон

28 Кулжа 202211:48 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 27-июнда Бишкекте катуу ысыктан улам беш адам эс-учун жоготкон. Бул тууралуу Тез жардам кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, тез жардам кызматынын медиктери эсин жоготкон жарандарга жеринде жардам көрсөтүшкөн.

Белгилей кетсек Кыргызстанда жакынкы күндөрү ысык аба ырайы күтүлүп, абанын күндүзгү температурасы +38…40 градуска чейин жогорулай турганы айтылган.

Ал эми тез жардам кызматына акыркы күндөрү чалуулар кескин көбөйгөн. Тез жардам кызматынын директорунун орун басары Болот Джаныбековичтин айтымында чакыруулар акыркы эки күндө кыйла көбөйгөн.

Количество просмотров: 305