• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тез жардам кызматына чакыртуулар кескин көбөйдү

27 Кулжа 2022 13:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июнда Бишкектин 203-маршруттук каттамынан жаш кыз эсин жоготуп жыгылды. Бул тууралуу окуянын кубөлүрү соцтармак аркылуу билдиришти.

Алардын айтымында, кыз өзүн аба ырайынын ысыктыгынан улам жаман сезген.

Белгилей кетсек Кыргызстанда жакынкы күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы +38…40 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө.

Ал эми тез жардам кызматына акыркы күндөрү чалуулар кескин көбөйгөн. Тез жардам кызматынын директорунун орун басары Болот Джаныбековичтин айтымында чакыруулар акыркы эки күндө кыйла көбөйгөн.

«Мисалы буга чейинки күндөрдө 500дүн тегерегиндеги чакыруулар болсо, 25-июнда 702 чакыруу, ал эми кечээ, 26-июнда 635 чакыруу болгон. Бирок мунун баарын эле күндүн ысык болуусу менен байланыштырган болбойт. Көбүнүн өнөкөт оорулары бар, сезондук оорулар козголот, мисалы азыр ич өткөк көп болуп жатат. Эси ооп жыгылуу, баш оору, кан басым сыңары чакыруулар болуп жатат», -деди ал.

Количество просмотров: 270