• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекте кесиптер көргөзмөсү өтөт

7 Жалган куран 2024 17:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 9-11-класстын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн билим жана кесиптердин көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-мартта саат 12:00дөн 18:00гө чейин «Novotel» мейманканасында «Баракелде групп» компаниясы АКШ, Англия, Түркия, Латвия, Германия, Италия жана башка чет өлкөлүк университеттердин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурат.

Алар гранттарды жана стипендияларды алуу мүмкүнчүлүктөрү, тил курстары, ошондой эле маалыматтык технологиялар (IT) чөйрөсүндөгү курстар тууралуу маалымат берип, адистикти жана окуу жайды тандоо боюнча консультацияларды беришет.

Эскерте кетсек, иш-чарага кирүү акысыз, алдын ала катталуу төмөнкү шилтеме аркылуу өтсө болот: http://bg.kg/expoform.

Бул келечектеги студенттер үчүн алдыңкы эл аралык университеттердин өкүлдөрү менен таанышуу, программалар менен таанышуу, гранттар жана стипендиялар тууралуу билүү жана келечектеги билими тууралуу негиздүү чечим кабыл алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Количество просмотров: 119