• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

17 Жетинин айы 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

18-19-ноябрда Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш кундөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.

Жарманкенин дареги: Биринчи май району, Киев, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши. Саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Количество просмотров: 116