• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча окутуу өтүп жатат

24 Тогуздун айы 2019 11:26 Бишкек Govori.TV

24-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Компьютердик инциденттерге жооп кайтаруу бөлүмү «Green Light» системалык интегратору менен бирге мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кибер коопсуздук боюнча окутуу өтүп жатат.

Анда мамкызматкерлер кибер чабуулдардын жана компьютердик инциденттердин алдын алуу, жооп кайтаруу жана башкаруу боюнча билим алышууда. Практикалык көнүгүүлөр үчүн катышууга кибер коркунучтардан коргонууну иш жүзүндө көрүүгө мүмкүндүк берген «Cisco» компаниясынын «Cyber Defense Clinic» платформасы колдонулууда.

Аталган иш-чаранын ачылышына Коопсуздук кеңешинин, өкмөттүн, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышты.

Окутуу өкмөт бекиткен «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын жол картасын жана 2019-2023-жылдарга Кыргызстандын кибер коопсуздук стратегиясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын негизинде уюштурулуп жатат

Количество просмотров: 53