• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте кичи автобус менен унаа кагышып, 4 адам жабыркады

5 Жалган куран 202019:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-мартта Бишкекте маршруттук такси менен Вольво үлгүсүндөгү унаа кагылышып, 4 жаран жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 16:30 чамасында Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган №214 кичи автобус кагышкан.

Учурда кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Количество просмотров: 160