• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте кичи автобус толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

7 Бештин айы 202011:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Жал кичи районунда кичи автобус толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу сүрөттөр социалдык тармакта жарыяланды.

Ал эми ӨКМден бул тууралуу маалымат берилип, окуя 6-декабарда болгон.

«03:44тө диспетчердик пультка Тыналиев көчөсүндө жолдун жээгиндеги Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа күйүп жатат деген билдирүү түшкөн. Өрт өчүрүүчү топ ошол жерге барып, өрт толугу менен 04:05те өчүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуу себеби белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 463