Бишкектеги Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде №243 кичиавтобус тосмону барып сүздү. Кырсыктын видеосу Телеграммдагы “Короче” каналына жүктөлдү
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 8-январда болжол менен саат 10:30дар чамасында катталган. Кырсыктын кесепетинен 67 жаштагы аял менен 14 жаштагы өспүрүм башынан жабык жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эл ташыган маршрутканын айдоочусу башкаруусун жоготуп, натыйжада тосмону сүзгөнүн кошумчалады.