• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте коменданттык сааттын убактысы кыскарат

15 Чын куран 2020 11:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Отурумдун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев (КСДП) Бишкек шаарынын комендантына суроо берди.

«Кандай чектөөлөр алынып, кандай жеңилдиктер болот? Коменданттык саат канчадан канчага чейин болот? Ошону так айтсаңыздар», — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, коменданттык сааттын убактысын кыскартуу боюнча буйруктун долбоору даяр. Эми коменданттык саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин болот. Учурда башка чектөөлөр боюнча маселе каралып жатат.

Количество просмотров: 445